7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үлпөт тойдо таанышып калышкан. Кыз ала качууга шектелип 4 бала кармалды

951

Ысык-Атада кыз ала качууга шектелип төрт бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

1998-жылы туулган С,А, атту кызды Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып качышкан. Ал эми 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок алып качып кеткени маалым болгон.

Кыз ата-энесине кайтарылып берилип, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

952