7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лукашенко Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

529

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Азап жана кубанычтын көз жашы менен биз бул жаркыраган күнү адилеттиктин, өз ара урматтоонун жана тең укуктуу өнөктөштүктүн идеалдарынын салтанаты үчүн күрөшкөндөрдүн жана курман болгондорду эскеребиз.

Биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана биз глобалдык чакырыктарга туруштук берип, заманбап чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун таба аларыбызга терең ишенем. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиргим келет», — деп айтылат телеграммада.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана боорукердик, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

530