Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында “Өлбөс полк” жүрүшү өттү. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таң эрте Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтынан баштап, Жеңиш эс алуу багына чейинки жүрүшкө эки миңден ашуун адам чыгып, колдоруна согушка катышкан, оорукта эмгектенген ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан.
Майрамдык акцияга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаардагы согуш ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жамааттары жана жаштар катышты.
Катышуучулар Жеңиш багындагы «Өчпөс отко» чейин басып келип, гүл коюшту.