Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине мындан аркы бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
Ал эми Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана мындан аркы өсүп өнүгүүнү каалады.