7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мүлк салыгы автоматтык түрдө эсептелет

564

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинетинде мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө үчүн «Салыктык милдеттенмелер» модулун киргизди.

Бул модулдун жардамы менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин расмий маалыматтык базаларынын негизинде мүлк салыгынын суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Бул каталарды азайтып, салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетет. Мүлк салыгын эсептөө жөнүндө кабарламаны алгандан кийин, салык төлөөчүдөн сумманы өз алдынча киргизүү же эсептөө талап кылынбайт. Убакытты үнөмдөп, бир нече баскычтын жардамы менен салыкты төлөп коюуга болот.

Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө модулун колдонуу үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, «Салыктык милдеттенмелер» модулун тандоо керек. Андан кийин «Өтүү» баскычын басканда, салык милдеттенмелери боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт. Оң жагындагы «Төлөө» баскычын басканда, QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу төлөм ыкмалары сунушталат.

Модулда салыктын түрү, датасы, району жана суммасы боюнча маалыматтар камтылган. Ошондой эле, мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт: КМБ коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөөнүүчү сумма.

Эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

565