7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн календардык планы өзгөрдү

27

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планын кабыл алды.

Ведомствонун маалыматына караганда, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу бардык шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды.

Календардык планга ылайык:

  • шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү – шайлоо күнү дайындалгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен;
  • округдук шайлоо комиссияларын түзүү – шайлоо округдары түзүлгөндөн кийин;
  • Кыргызстандын чегинен тышкаркы шайлоо тилкелерин түзүү – ТИМдин сунушу боюнча.

 Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:

  • УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин тааныштыруу үчүн илүү – 14-октябрга чейин;
  • шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 10-ноябрга чейин;
  • шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) тактоо үчүн кабыл алуу – 8-октябрдан 14-ноябрга чейин;
  • УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү – 25-ноябрга чейин.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:

  • Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү – шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде;
  • көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – 30-октябрга чейин (кошо алганда);
  • талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу – 2-ноябрга саат 18:00гө чейин;
  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 10-ноябрга чейин.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери:

 • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү – 10-ноябрдан 29-ноябрь саат 08:00гө чейин.

Добуш берүүнү өткөрүү тартиби:

  • добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу – 28-ноябрга чейин;
  • добуш берүүнү өткөрүү – 30-ноябрга саат 08:00ден 20:00гө чейин;
  • ЖК депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 14-декабрга чейин.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга дайындалган.

28