7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматы 8 млн 200 миң сомдук кылмыштын бетин ачты

332

«Түндүк-Чыгыш» бажыcында жасалма документтер менен каттоого алынган унаалар кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Түндүк-Чыгыш” бажысында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте төмөндөгү унаалар каттоодого алынганы аныкталган.

Алар:

• 2008-жылы чыгарылган Lexus GX 470;
• 2008-жылы чыгарылган Toyota Sequoia;
• 2014-жылы чыгарылган Lexus GX 460;
• 2019-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, каттоо үчүн негиз катары Беларусь Республикасынын аймагында берилгендей көрсөтүлгөн  каттоо күбөлүктөрү пайдаланылган. Бирок Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин расмий жообуна ылайык, бул унаалар боюнча бажылык тариздөө жүргүзгөн эмес жана алардын Мамлекеттик автоинспекция органдарында каттоосу жок.

Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаалар жасалма документтер менен каттоого алынганы аныкталган. ЕАЭБ Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык унаалар кармалып, тиешелүү протоколдор түзүлүп, убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылды.

Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 8 289 227 сомду түздү. Материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күндө МБКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан 5 974 220 сом өндүрүлдү.

 

333