Мөөнөтү өтүп кеткен он тонна таттуу жок кылынды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
«Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унааны аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтүнүн өтүп кеткени белгилүү болду. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түзгөн.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар мындан ары сот тартибинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Соттун чечимине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынды.



