Мадали хандын салыкчыларын айылга гана эмес, аймакка кийирбей артка сүрүп, өрөөндүн өжөр жигиттерин аттап, тондоп, аскер күтүп, тез эле барлардын базарына, барча журттун назарына кирип, чатагы баш жарып, атагы таш жарып, чеке белдин чексиз колдоосуна арзыйт. Жайкай мүнөз, жылдыздуу түрүнөн, ачууланса, жылаандай муздак сүрүнөн сестенип, Мадали хан 31 жаштагы Алымбекке ДАТКА наамын ыйгарып, саясий сыйыртмак таштап Анжыяндын акими кылат.
Эли үчүн, эчак эле өлүмгө белен, жер кезип, жетиктүү билими терең, Алымбек датка Анжыяндын ордосун Ошко көчүрүп келет. КАЙРАН ГАНА КӨК ЖАЛ КӨСӨМ!!!
Адегенде эле азыркы Алай мейманканасы турган жерге АК МЕЧИТ салдырып, диний сабак менен катарлаш ар түрлүү кесипти окутуп, талабаларга (студенттерге) өз чөнтөгүнөн 5 сом жөлөкпул берип турат (ошол учурда, кунаажындын баасы 1 сом болгон, элестетиңиз).
Ошентип Алымбек датка Ош шаарын көркөмдөп, көтөрүүгө киришет. Ак-Буура дарыясына:
9 көпүрө салдырат,
9 кыялай арык чаптырат,
9 көчөнү ар бир көпүрө салынган жерден багыттайт,
9 өрүм жылан боор камчысы билегинен түшкөн эмес,
Төлгөсүнүн башы ТОГУЗ түшкөн уулум төрөлөр менен теңата болуп, төбөсү көрүнгөн элдин ээси болот деп, атасы Асанбек бий аяндатып айтчу экен. 9 деген санды Датка өзгөчө ыйык тутуптур.
Биз ушинтип, Нарктуу баяндар, мисалдар менен Улуттун улуулугун даңазалап, алгалайлы, коомго таңууланып жаткан жалган баалуулуктарга жол бербешибиз керек! Кирип чыгып КИМ экенибизди бала чакабызга айткандан тажабайлы! Өзөгүбүзгө кайталы!