7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма акча таратуу менен алектенгендер кармалды

161

Кыргызстандын жарандары тарабынан жасалма чет элдик валюта банкнотторун таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынды. М.И.М. жана С.К.Д. аттуу жарандар жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски автоунааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды.

13-январда аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле жасалма акчалардын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

 

162