7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбан Өмүрбек Асан уулу дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду

272

Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Сербияда өткөн спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыккан.

Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште анын атаандашы 19 жаштагы америкалык Жэксон Патрик Форрест болду. Күчтүү атаандаштыкта өткөн финалдык беттеште америкалык балбан жеңишке жетип, алтын медалды алды, ал эми кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу күмүш медаль тагынды.

273