7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрбек Асан уулу уландар арасында Дүйнө чемпиону болду

548

Кыргыз Республикасынын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасы мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.

Балбан 60 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште япониянын балбаны  Итсуки Йонаширону  6:4 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште украинанын балбаны Иван Залискону  11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште америкалык Джордин П. Раней 12:6 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

 

 

 

549