7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрбек Суваналиев Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

835

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тарап тең бир бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.

Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүштү. Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

836