7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызгидромет 1-майга карата аба ырайын жарыялады

782

1-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 20…22 градус болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783