“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага кол салган Ыбыш Эшпаевди кечирип, ага доосу жок экенин айтып, Бишкек ШИИБге тосмо арыз жазды. Бул тууралуу бугүн, 3-декабрда УКМКнын имаратынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Буга чейин шектүү Ыбыш Эшпаев 1-декабрда Бишкек шаарынын аймагынан саясатчыга кол салып, анын телефонун дагы тартып алганы маалымдалган. Бул бейбаштыгы үчүн ал 2-декабрда кармалган. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жаткан.
Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Алар максаттуу түрдө Текебаевге кол салуу үчүн чогулбаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтышты.
Текебаев бул окуяга юридикалык болбосо да саясий баа берилиши керектигин билдирди.