7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрзак Мамаюсупов: Кыргызстандын кубаттуулугу айылдын күчү менен артат

623

Ноокат «Билимканасынын» негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры Өмүрзак Мамаюсупов: Мектепте окуп жүргөндө эле мен – эмне үчүн биздин мектептер Ленинград-Москваныкындай боло албайт деп таң калчумун. Кийин өзүм Новосибирск университетинде аспирант болуп окуп калганымда, ошол Новосибирсктеги физика-математика мектебине барып, алардын иши менен таанышып, өзүм дагы сабак берип калдым.

Кийин Кыргызстанга кайтып келгенде, өлкөнүн аймактарында ошондой 40 мектеп ачуу планым бар эле, бирок Бишкекте да, Ошто дагы ача албай, Ноокаттан баштоого туура келди. Азыр биздин Ноокат «Билимканасын» бүткөндөр профессор  же башка деңгээлдеги адис болуп, Жапониядан Америкага чейин иштеп жатат. Биздин негизги принцип – балдарга билим берүү менен гана чектелбестен, балдардын ошол билимди алуусун камсыз кылуу.

624