7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маалымкаттарды жана документтерди суроо процедурасы жоюлду

643

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында 2021-жылдын 1-апрелинен тарта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттарды жана/же документтерди, суралган маалыматтар санарип форматына толук которулган шарттарда кагаз түрүндө жеке жана юридикалык жактардан талап кылуу жол-жоболору жоюлат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Документке ылайык, төмөнкүлөрдү камсыздоо тапшырылды:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сервистердин иштөөсүн жана маалымат алмашуусун камсыздоо;

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары, талап кылынган жерге кайрылган учурда, маалым каттарды жана/же документтерди кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берилүүсү;

— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөнүн укуктук негиздери болгон бөлүктөрдө «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышын камсыздоо.

Төмөндө шилтеме боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилчү маалым каттардын жана/же документтердин тизими сунушталат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644