7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мадина” базарынан чыккан өрт кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө (ВИДЕО)

5

2026-жылдын 30-августунда “Мадина” базарынын аймагындагы эки соода контейнеринен өрт чыккан.

Такталган маалыматка ылайык, аталган контейнерлердин эшиги бир күн мурда кечинде жабылган. Контейнердин бирөөсү 18:38де, дагы бирөөсү 18:41де жабылган. Андан кийин аларда соода ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн эмес. 30-августта таңкы саат 08:31де бул контейнерлерден өрт чыккан.

Текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларындагы видеолор алынып, иликтенди. Видеого ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган же түздөн-түз жанында болгон бөтөн адамдар катталган эмес.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

6