7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга келди

186

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Монголиянын лидери Кыргызстанда өтүп жаткан «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Аэропортто ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинди.

Конокко Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине туш келип жатат.

187