Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахеманды өлтүргөн деп айыпталган төрт адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышкерлер К.Э., Ш.У., Б.К. жана Д.В. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү», «Адам уурдоо», «Каракчылык» жана «Документти, мөөрдү же штампты уурдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Алардын ар бири 16 жылга эрктеринен ажыратылды.
Эске салсак, ишкер Хуфур Абдурахеман 2019-жылдын 4-октябрында дайынсыз жоголгон. Эки жумадан кийин анын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Милиция кызматкерлери шектүү катары 4 адамды кармаган. Алар ишкердин унаасын башка түскө боёп, андан соң айдап кетишкен.