Бишкек шаарынын Ленин райондук соту алдамчылыкка айыпталган мэриянын мурдагы кызматкери Эрик Ашыралиевди 16 жыл колонияга кесип, 300 миң сом айып пул салды.
Ашыралиев Ленин райондук администрациянын экономика жана финансы бөлүмүндө иштеп жүргөн чагында, мурдагы мэр Нариман Түлеевден конфискацияланып мамлекетке алынган сегиз батирин өз алдынча сатып жиберген.
Ленин райондук соту аны жабыркаган 11 жаранга 32 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирип, документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча 27 эпизод боюнча айып таккан.
ММКлар жазып чыккан маалыматка ылайык Ашыралиев буга чейин алдамчылык жана жасалма документтерди жасалмалоо боюнча соттолуп, беш жылга жатак абакка кесилген.
Ашыралиев 2019-жылы мамлекеттик бюджеткен келтирди деп кармалган. 2017-жылы Ленин райондук администрациясына жумушка орношуп жатканда, ал соттолгондугу тууралуу маалыматты жашырып койгон.
Кийин 2019-жылы кайрадан кармалып, мамлекеттик бюджетке 583 миң доллар зыян келтиргендиги аныкталган.