7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргызстанда 2015-жылга чейин казинолор иштеп келген, бирок…

476

Садыр Жапаров «Пирамида» телеканалына берген маегинде казинону Ысык-Көл облусунда эле эмес, Бишкекте жана облус борборлоруна ачуу керектигин айтты.

«Депутаттар демилгелеп киргизген экен, аны колдойм, туура эле болду. Аппаратка Бишкекте жана бардык облустарга ачууга депутаттарга сунуш киргизгиле деп жатам. Кыргызстанда казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Анда Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойноого акысы бар болчу. Жаш балдар күнү-түнү дебей автоматта ойноп, акчасын уттурган мезгил болгон. Муну шылтоо кылып 2015-жылы айрым депутаттар, айрым саясатчылар биригип алып акча талап кыла баштаган. «Бизге баланча миллион доллар алып келгиле, отметка кылгыла, болбосо жаап салабыз», — дешкен. Казино ээлери акча бергенден баш тартып, өкмөткө тиешелүү салык төлөп жатканын, лизенцияны бир, бир жарым миллионго сатып алганын айтканда, анда иштебейсиңер деп бир абзац мыйзам менен жок кылып коюшкан. Ал менин эсимде. Мен Кыргызстандын жараны казинонун босогосун аттабайт деп мыйзамга жазып койгула деп жатам. Бул чет өлкөлүк туристтер үчүн ачыла турган казино болот»,— деди Жапаров.

Президент муну ар кыл жол менен бюджетти толтуруу максатында кылып жатам деген жүйөсүн келтирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал 8-апрелде биринчи окууда каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

477