7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маевкада дүкөндөн уурулук кылган 26 жаштагы жаран кармалды

626

Маевка айылында дүкөндөн уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Маевка айылынын У.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 7-ноябрда дүкөндөн акча жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Аламүдүн райондук ИИБнин КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда соттолгон 26 жаштагы И.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерип, сотко чейинки териштирүүлөр улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627