Кыргызстандыктар 1, 5, 8, 9-май майрам күндөр болгондуктан иштебейт. Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
«Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 5-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү болот. Ал эми 8-майдагы иш күн 13-майга которулат»- деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-май — Эмгекчилердин күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.