7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жарандын тизесин сындырып, ур-токмокко алган шектүүлөр кармалды

750

Базар-Коргон милициясы ден соолукка залал келтирген 3 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга Базар-Коргон районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 23-мартка караган түндө өзүнө тааныш болгон 3 бала ич ара пикир келишпестиктен улам сөз талашып уруп коюшкандыгын, алардын бири колундагы темир менен тизесине чаап сындырып койгондугун билдирген.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон шаарынын 3 тургуну кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751