Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин убактылуу жабылат.
УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, чек ара Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.
«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринен унаалар жана жарандар 2-майдан тарта өтө баштайт.