Май айында өлкөгө AstraZeneca вакцинасы келиши күтүлүүдө. Аны каалоочулардын баары акысыз алса болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов түз эфирде билдирди.
Мурдараак айтылган маалыматка ылайык AstraZeneca вакцинасынан 400 миң доза күтулүп жатканы кабарланган, учурда ага керектелүүчү каражаттар өлкөгө келип түшкөн.
Эске салсак, мартта өкмөт COVAX эл аралык уюму аркылуу 2,6 млн дозадагы AstraZeneca вакцинасын сатып алуу планын токтотуп койгон.
Министрлик анын себебин, аталган вакцинадан айрым өлкөлөрдө тескери реакция жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жаткандыгы менен тушүндүргөн. Кийинчерээк Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, вакцинадан тескери реакция чыкпагандыгын тастыктаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram