Быйыл Рамазан айы 13-апрель күнү башталды. Бүгүн, 23-апрель орозонун онунчу күнү.
Рамазан айында орозо тутуу ислам дининдеги эң негизги 5 парзынын бири болуп эсептелинет. Бул айда адамдар күн чыккандан күн батканга чейин наар татпай, жаман сөздөрдөн, жаман иштерден, ушак-айың, зынаакорлуктан оолак болушат. Ошондой эле, Рамазан айы сооп топтоонун айы. Көпчүлүк жарандар ден соолугунан жабыркап, жардамга муктаждарга кол сунушат. Дин тууралуу хадисте бир ай аралыгында кылынган ибадаттардын сообу эселеп берилип, Кудайдан тиленген ниет-тилектер орундалары айтылган.
Андыктан, бир гана ооз ачуу, ооз бекитүү убакыттарында дуба кылууну күтпөстөн, ар мүнөт сайын алдыдагы максат-тилектериңиздин орундалышын сурап, айланаңыздагы жакырларга жардам берип, ар күнү аткарылат деген ишеним менен ниет кылыңыз.
Орозоңуздар кабыл болсун!
ООЗ БЕКИТYY ДУБАСЫ: Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала
МААНИСИ: Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.
ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ: Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту
МААНИСИ: Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.