2021-жылдын 22-апрелинде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Кыргызстандагы Миссиясынын башчысы Карлс Батальяс менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тарап кызматташуунун артыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатындагы долбоолорун талкуулашты.
ЭКККнын өлкөнүн пенитенциардык мекемелеринде кургак учук менен ооругандарды дарылоо боюнча жалпы камтуучу жана туруктуу программаларын орнотуудагы көмөгү оң жакка бааланган.
«Карлс Батальяс өзүнүн ыраазычылыгын билдирип жана Ирактан балдарды кайтаруу боюнча аткарылган ийгиликтүү иши менен куттуктап, аларды кайтаруу, реабилитациялоо жана ресоциализация боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө ЭКККнын даяр экендигин белгиледи. Р.Казакбаев Чоң жана Кичи Афган Памиринин кыргыздарына мектеп жана ооруканаларды курууда гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү ЭКККдан суранды», — деп берилет маалыматта.