7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 млн сом жумшалды

642

Майлуу-Суу шаарында бүгүнкү күнгө карата № 3 отканага жаңы суу куурларын орнотуу, “Артезиан” суусун тартып келүү иштери аткарылды. Бул тууралуу Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Учурда тартылып келген суу куурларга кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт. Белгилей кетсек, № 3 отканага куурларды орнотуу, суу жеткирүү иштерине 2,7 млн сом мамлекеттик бюджеттен жумшалды.

Иштин жүрүшү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана тийиштүү тармактын кызматкерлери жеринен көрүп чыгышты.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-январында аба ырайынын ызгаардуу суугунан улам, Майлуу-Суу шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу куурлары тоңуп, шаар суусуз, жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам шаарга “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, кийин калыбына келтирилген болчу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643