Майлуу-Суу шаарында №1 отказан иштеп, 600 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарыяланган өзгөчө кырдаал министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө. Учурда жергиликтүү элди мүмкүн болушунча тез арада таза суу жана жылуулук менен камсыздоо максатында ӨКМ Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.
Майлу-Сууда 15-январь күнү жергиликтүү элге ӨКМ тарабынан 4 өрт өчүрүү жана 2 суу ташуучу унаа З.Кутманов, Заводская, Тынчтык, Советтик Армия, Островский, Спутник, Молодежная көчөлөрүндөгү жана шаардын 3-участогу менен Левобережный тилкесиндеги сууга муктаж болгон тургундарга жалпы 17 ирет суу ташылып берилди.
Ошондой эле ӨКМдин 1 экскаватору, Майлуу-Суу шаардык жашылдандыруу чарбасынан 1 трактордун жардамында арык казылып, Майлуу-Суу дарыясынан “Майлуу-Суу” лампа заводунун көлмөсүнө суу келип, көлөмү көбөйдү.
Майлуу-Суу шаарынын калкына атайын идиштердеги таза суу сатып берүү боюнча жеке ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүү менен келишим түзүлүп, натыйжада 2 тонна таза суу жеткирилди.
Саат 17.30дан тартып №1 отказандан теплострассага жылуу суу берүү башталып саат түнкү 01:20 чамасында жалпы 16 чакырымды түзгөн теплотрассага толук суу жетип, шаардын жылытуу системасы кайрадан ишке кирди. Натыйжада 600 абонентке жылуулук берилди
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен, 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отканалардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.
13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагына III-ордук даражасындагы “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланган.