КРнын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, турак жай-курулуш департамент жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан документтерди кызматтык түрдө жасалмалоо жана жасалма подряддык келишимди даярдоо жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу жөнүндө маалыматтар келип түшкөн.
2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун аймагындагы орто мектепти курууда тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү жолу менен, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн. сом акча каражатты “С.Т.” ЖЧК подрядчы уюмунун пайдасына чыгарып, бирок, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылбаганы аныкталды.
Топтолгон материалдардын негизинде турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К. жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.