7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Сууда жарандарды токмоктогон деп милиция кызматкерлерине иш козголду

322

Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлерине карата зомбулук аракеттери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси («Дене-бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу») жана 280-беренеси («Алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери М.А., К.Н. жана башкалар өз бийлигинен аша чаап, бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук колдонгон фактылары аныкталган.

Учурда тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.

 

 

323