7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Сууда жылуулук берүү токтотулуп, “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди

441

Майлуу-Суу шаарына “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнен билдиришти.

Бүгүн, 13-январда Майлуу-Суу шаарында түзүлгөн өзгөчө кырдаалды жоюу максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин эки орун басары жеринде иш алып барууда. Тактап айтканда, күчүнө кирген сууктан 12-январда Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурап, шаар отканасына келүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, жылуулук берүү токтотулган.

Мындай кырдаалга байланыштуу Майлуу-Суу шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлду.

Коммуналдык кызмат менен биргеликте шаар отканасына Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан. Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, шаардын Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына бүгүн “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланды.

Майлуу-Суу шаарынын көп кабаттуу үйлөрүндө 1800дөн ашуун абонент бар. Алар азыркы учурда газ жана электр энергиясы менен жылуулук кармалып турууда. Ошондой эле ӨКМ жергиликтүү бийликтин талабына ылайык кышкы күйүүчү май жагынан жардам беришет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

442