7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат Мамытканов Великобританиянын Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту

402

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз Республикасындагы Великобритания Бириккен Королчулугунун жана Түндүк Ирландиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелер, буга катар 2021-жылдын 1-12-ноябрында Глазго шаарында (Шотландия) өтүүчү БУУ Рамкалык конвенция тараптарынын XXVI конференциясына катышуу маселеси талкууланды.


Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму жогорку уюшкандык деңгээлде өткөндүгүн белгиледи жана үстүбүздөгү жылы орун алуучу маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

403