7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Малайзиялык жаран iPhone 14 алуу үчүн 7 жыл акча чогулткан

730

Малайзиялык жаран iPhone 14 телефонун алуу үчүн жети жыл акча чогулткан. Бул убакыттын ичинде ал 19 литрлик бош бөтөлкөгө тыйындарды салып турган.

Мухаммад Абдулдун айтымында, ал 2016-жылы тыйындарды чогулта баштаган жана мынчалык узакка созулаарын күткөн эмес. Алгач кружкаларга тыйындарды салып, орун жетпей калганда 19 литрлик бош бөтөлкөгө чогултуп баштаган.

Ал киши банкнотторду атайын тыйындарга алмаштырып турган. Жети жылдан кийин бөтөлкө толгондо гана аны ачып, канча акча чогултканын эсептеп көрүүнү чечкен.

Үй-бүлөсүнүн жардамы менен Мухаммед үч сааттын ичинде бөтөлкөдө 1100 доллар бар экенин билген. Ал бул сумманы жаңы iPhone 14 сатып алууга жумшаган. Ал кишиден кайра акча чогултууну пландап жатасыңбы деп сурашканда, ал жок деп жооп берген, анткени процесс абдан түйшүктүү деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731