7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мама, баары жакшы. Азыр барам» Айзаданын апасы менен акыркы жолку сүйлөшүүсү

3052

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразылык билдиришүүдө.

Маркумдун энеси Назгүл Шакенова «Азаттыкка» 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.

Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганынын, бирок милиция өз убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.

«Сиңдиме чалып, «Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келип жатабыз» дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. «Мама, баары жакшы. Азыр барам» деди. Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. Эмне болгонун сурап. Иштеп атабыз деген. Уларбек деген тергөөчү «ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар» -деп күлдү.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-апрелде Балыкчыга коюлат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3053