2021-жылдын январ айынан апрелге чейин өлкө ичине Казакстандан 4 тонна ун алынып келген. Бул тууралуу казакстандык массалык маалымат порталдары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Казакстан 3 ай ичинде жалпы 85 миң 200 тонна ун экспорттогон. Жалпы суммасы 595.4 миң долларды түзгөн.
Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң көп ун сатып алган мамлекет Өзбекстан, бир айда эле 4,1 млн долларга 16,7 миң тонна ун алган.
Андан кийин Тажикстан 1.8 миң тонна, Түрменстан 1.5 миң тоона, Россия 1.3 миң тонна ун экспорттогон.
Эске салсак, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги быйыл 648 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин эгүүнү пландаган. Анын ичинде 255 миң гектар жерге буудай эгилет.
Учурда дыйкандарды колдоо багытындагы «Айыл чарбасын колдоо-9» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер берилип жатат. Каалоочулар банктарга кайрылса болот.