7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кайнатасын бычактап өлтүргөн жаран кармалды. Окуянын чоо-жайы

658

Кайнатасын өлтүргөн шектүү изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБне 7-апрелде болжол менен саат 00:40 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн ВЛКСМ участкасынын жашоочулары 44 жаштагы Ж. Р жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н денелеринен белгисиз курч нерсенин кесепетинен жараат алып кайрылганын билдирген.

6-апрелде болжол менен саат 23:20 чамаларында күйө баласы балдарын көрүү үчүн кайнатасынын үйүнө барган. Аны кайын атасы киргизбей койгон, жинденген күйө баласы аялын коркутуу үчүн жанына салып алган бычак менен кайнатасынын арка тарабынын даалысына эки жолу, көкүрөк тарабына үч жолу, сол колуна үч жолу, моюнуна бир жолу, ичине бир жолу бычак менен сайып, ошол эле жерде аларды ажыратып жаткан кайнэнеси Н.Жга да ич тушуна эки жолу бычак менен сайып жибергендиги аныкталып, окуя болгон жерден бычактын сынган сабы, кан үлгүлөрү табылган.

Ал эми, кечээ, 7-апрелде саат 04:30 чамасында денесинен алган жаракатынан улам кайнатасы Р.Ж ооруканада көз жумган.

Аталган факт Кара-Суу РИИБдин КЖБРне КРнын КЖКнын130-беренесинин 2-бөлөмүнүн 4-пункту менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Каза болгон жаран Р.Ж., үй-бүлөлүү үч баланын атасы, ал эч жерде иштебечү. Ал эми күйө баласы  А. А., үй-бүлөлүү эки баланын атасы, орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолболгон.

«Кылмышка шектүү кылмыш изи сууй электе милициянын участкалык уполномоченныйы тарабынан кармалып, 2021-жылдын 07-апрель күнү саат Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, сотук-криминалистикалык, соттук-медико-техникалык, соттук-наркологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып тергөө амалдар жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдарын Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматы жүргүзүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659