Бүгүн, 8-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү “Достук” эс алуу багынын курулуш иштери менен танышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кабарлайт.
Көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат.
Эс алуу жайында боз үйлөр, музыканын коштоосунда “бийлөөчү” оргумалар, LED экрандар коюлуп, шаар тургундары үчүн атайын отургучтар менен кооздолот.
Ошондой эле, этно стилиниде болгондуктан улуттук музыкалар коюлуп, тамактануучу жайларда утуттук тамак-аштар боло тургандыгы айтылат.
Долбоор 3 айда даяр болуп, жайында шаар тургундарына эшигин ачат.
Жеке ишкер Санжар Толубаев аталган бакты 5 жылга мэриядан ижарага алган, жылына 1млн сом шаар бюджетине ижара акысын төлөйт.