7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев Россияда 3 жолу соттолгон

2442

Айзада Канатбекованын каргашалуу өлүмүнө себеп болгон жаран буга чейин Россияда 3 ирет сот жообуна тартылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2008-жылы Россиянын Омск шаарында уурулукка байланыштуу 3 ай абакта болгон.

2009-жылы талап-тоноо байланыштуу Красноярскта сот жообуна тартылган. Ал 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.
2012-жылы каракчылык боюнча Москва шаардык соту 5,6 жылга эркинен ажыраткан. Күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөп, 2017-жылы эркиндикке чыгып Кыргызстанга кайтып келген.

Алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн-өзү өлтүргөн Теңизбаев Замирбек Абдыкаарыевич 1985-жылы 22-апрелде Ош облусунда төрөлгөн.

Бүгүн эртең менен Бишкек ШИИБ уюштурган маалымат жыйында З.Теңизбаев алгач батирде жашап жүрүп, акыркы 2-3 айда унаада жашаганы айтылды.

Ал эми ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Ал үйдө жалгыз кыз, таята, таенесинин колунда өскөн. Ал эми кошуналары анын тартиптүү кыз экендигин эскеришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2443