7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маматалиев: Ынтымак партиясы Бишкек, Ош шаарларында кайра шайлоого катышат

702
“Ынтымак” партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, БШКнын Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын туура деп эсептейт. Ошондой эле кайра шайлоо болсо алардын партиясы шайлоого катышаарын билдирди.
«Кыргызстандын 11 шаарында шайлоодон өттү. Биздин партиянын шайлоо алдындагы үгүттүк программасы бардык шаарларда эч бузуусуз өттү, жада калса оозеки эскертүү берилген жок! Талапкерлерге жана бардык бизге өз добушун бергендерге ыраазычылык билдирем! Сиздерге чоң ыракмат!
Бул жолду татыктуу өтүп, зор эмгек жумшалып жана эки шаардагы биздин биргеликте аткарылган иштерибиздин жокко чыгарылышын баамдоо жагымсыз фактысын тануу кыйын болууда. Бирок акыйкаттык үчүн айтып коеюн, бүтүндөй өлкө үчүн бул жаман эмес, анткени биз жаңы баракты ачып жатабыз. 30 жылдан бери болбогон саясий эрк акыры билинди! Мындан аркы келечектеги шайлоолор ачык жана ак ниет менен өткөрүлөт деген үмүт жана ишеним пайда болду. “Ынтымак” партиясы Бишкек жана Ош шаарларынын кайрадан шайлоосуна катышат.  Биз өз командабызды азыркыдан дагы бекемдейбиз жана өлкөбүз үчүн арналган ишибизди күчөтөбүз.«, -дейт Маматалиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

703