7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамажакыпова: “Салык төлөгөн адам патриот, салыгын жашыргандар мекендин чыккынчысы!”

729

Ишкер Чынара Мамажакыпова: “Салык төлөгөн адам патриот, салыгын жашыргандар мекендин чыккынчысы!”

▶️ Карапайым эл сатып алып жаткан товардын баасына төмөнкүлөр кошулат:

— Товардын өздүк наркы

— Киреше пайдасы

— Мамлекетке төлөй турган салык

— Алып келүүдө корогон чыгымдар

Мына ушунун баары кошулуп товардын баасы чыгат. Ишкерлер товарын сатып пайда көрөт, ар бир сатып алуучу ишкердин короткон чыгымдары үчүн коюлган баада сатып алат.

Ал эми айрым сүткорлор пайданы көрүп, мамлекетке берчү салыкты дагы өзүнө калтыргысы келүүдө.

Салык төлөбөйбүз дегендерди колдогондорго суроом бар?

Кыргызстанда жаңы мектептер, жолдор, техникалар, балдар бакчалары, ипотекалык үйлөр, завод-фабрикалар, ГЭСтер, транспорттор, аскердик техникалар алынышын каалабайсыңарбы? Эмнеге пайда көрүп, бирок мамлекетке төлөгөн салыктан качып жатышат? Себеби, мурда мамлекетке бербей, анын жарымын коррупционер бийликтегилерге берип жаман үйрөнүшкөн.

Мен дагы ишкермин, Кыргызстанда иштеп пайда таап, жашап, үй бүлө багып жатам. Эмнеге салыгымды төлөбөшүм керек?

Салык төлөгөн адам — патриот, ким салыгын жашырып, качып, төлөгүсү келбесе, ал мекендин чыккынчысы!

🖊️Чынара Мамажакыпова

730