7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамкатчы: Опурталдуу жагдайды оңдоо Жапаровдун маңдайына туш келди

709

Өлкөдө убактылуу электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилди. Мындай чара Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегатты, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерине байланыштуу көрүлүүдө. Энергетика тармагындагы учурдагы кырдаалга президент Садыр Жапаров пикирин билдирген. 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов айтылган пикирге кеңешчи болуп, колдоо көрсөтүү керектигин айтты.

«Кырдаал… Ата мекендик согуштан кийинки 50 — 60 жылдарда курулган: — өндүрүштүк жана социалдык объектилерди, имараттарды, аракеттеги ишканаларды, тынымсыз күнү түнү иштеген ГЭСтердин айрым агрегаттарын иштетүү мөөнөтү кескин кыскарды. Опурталдуу жагдайды оңдоп, жаңылап, жандантып, жан киргизүү вазыйпасы, президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун маңдайына жазылып, тагдырына туш келди. Свет берүүдөгү үзгүлтүккө жооп айтты. Айтылуучу пикирдин, кептин кээ бир жерлерин ырааттуу жөндөп, кедерги болбой, кеңешчи болуп, жан үрөгөн өкмөтүбүзгө дем берели»,- деди Касмамбетов.

 

 

710