7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамкурулуш агенттигинин министрликке айланышынын 5 негизги пайдасы

193
Мамкурулуш агенттигинин министрликке айланышынын 5 негизги пайдасы тууралуу журналист Тынчтык Алтымышев фейсбукка бөлүштү. 

Чечимдер тез кабыл алынат

  • Министрликтин ыйгарым укуктары кеңири болот, ошондуктан курулуш тармагындагы маселелер ылдамыраак жана натыйжалуу чечилет.
  • Мыйзамдардын аткарылышы күчөтүлөт
  • Министрлик катары иш алып барса, курулуш стандарттарын жана эрежелерди катуураак көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жаралат.
  • Бюрократия кыскартылат
  • Агенттик көбүнчө башка министрликтер аркылуу иш алып барчу, эми түз чечимдерди кабыл алып, мамлекеттик органдар менен иштөөнү жеңилдетет.
  • Чет элдик инвестиция тартуу жеңилдейт
  • Министрлик деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жеңил болуп, курулуш тармагына инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
  • Курулуш сапаты жана коопсуздук көзөмөлгө алынат
  • Министрликтин макамы менен курулуш компанияларына катуураак талаптар коюлуп, сапатсыз жана кооптуу объекттердин саны азаят.

Эл аралык практиканы алсак:

1) Өзбекстан — Курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба министрлиги
2) Казакстан — Курулуш жана өнөр-жай министрлиги
3) Кытай — Турак жай куруу, шаар жана айыл курулушу министрлиги
4) Россия — Курулуш министрлиги
5) Монголия- Курулуш министрлиги
6) Белорусия- Архитектура жана курулуш министрлиги
7) Туркменистан- Курулуш жана архитектура министрлиги
9) Афганистан- Курулуш министрлиги
10) Армения — Шаар куруу министрлиги
11) Грузия- Курулуш министрлиги
12) Түркия- Айлана чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү министрлиги
13) Азербайжан — Шаар куруу жана архитектура министрлиги

194