7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Азаттык»: Ак ниет тажрыйбаны кара ниет максатта пайдаланууга жол берилбеш керек

186

Маалымат каражаттарын пропаганда куралы катары пайдаланууну 1920-жылдардын аягында – 1930- жылдардын башында СССР менен Германия баштаган. «Москва радиосу» күчүнө кирип турган 1980-жылдарда ал дүйнөнүн 160 мамлекетине 77 тилде кабар берчү. «Азаттык» радиосу болсо СССРдин курамына кирген 15 жумурият жана татар менен башкир тилдеринде гана маалымат тараткан.

«Азаттык» үналгысы 1953-жылы түзүлгөндө анын милдети жана вазийпасы өтө туура жана ак ниет аныкталган: Советтер Союзунда эркин маалымат каражаттары жок, алар партиялык көзөмөлдөн коркот, курч жана, өзгөчө, саясий же идеологиялык маселелерди көтөрө албайт, ошондуктан «Азаттык» ошондой маселелерди көтөрүп, советтик журналисттер айта албаган нерселерди айтыш керек деген максат коюлган.

Журналист Шайырбек Эркин, 20-август 2019-ж.
https://www.facebook.com/murza.dobutov/posts/pfbid02Sj6nWrqbf9MyQrNkbhnRHUShHn7ndQLdPD4YWoCbPse6URp5EfrgZXYFksPv7Y48l

Бирок 50-60 жылдын ичинде андай вазийпа радионун жетекчилиги тарабынан дагы, үналгыда иштеген журналисттер арасында дагы унутулуп, «Азаттык» жергиликтүү маалымат каражаттарынан дээрлик айырмаланбай калган абалга жеткени аз келгенсип, анын ичинде кадимки эле интригалар уюштурулуп-өнүгүп, алар жамааттын өзүн дагы, андай иштерге аралашкан журналисттик коомчулукту да ирите баштаган.

Мисалга, Бишкек бюросунда иштеген журналисттерди Прагага стажировкага чакыруу ак ниет тажрыйбасы кара ниет максатта пайдаланылган. Алдыңкы кызматкерлер Европага барып, бир нече ай иштеп, адистик деңгээлин жогорулаткандан кийин Кыргызстанга кайтып келгенде, алардын мурдагы орундарында башкалар иштеп калгандыктан, тажрыйбалуу кабарчылар көчөдө калган бир нече окуя болгон. Башкасын айтпаганда да, алардын стажировкасы үчүн канча АКШ доллары короду…

Журналист Шаирбек Маматокторов, 22-август 2019-ж.

https://www.facebook.com/shairbek.mamatoktorov/posts/pfbid02BPhCPZv8rcrYocrHdBB8FC4N3xhiuVf9wzFLjJppc198phwS5Bve2Hdt9RyVPiqYl

Же болбосо, жетекчилик менен мамилеси бузулган журналисттердин ысымдары «Азаттыктын» тарыхынан чийилип, кээде алар тарткан иликтөө тасмаларынын титринен дагы аттары өчүрүлүп салган учурлар болгон. Андай болгондо, америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын ушундай иштерге эмне үчүн коротуш керекпиз деп Илон Масктын айтканын түшүнсө болот. Мындай радиону жаап салыш керек дегендей радикалдуу кадамга барбаса дагы, анын жалпы саясаты түп тамырынан бери өзгөртүлүп-оңдолуш керек экени айкын.

Нарын Айып

187