Төрт күн ичинде терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга 3 млн 540 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү 2025-жылдын 3-февралынан тартып, 7-февралга чейин өлкө аймагында “Караңгылаткан айнек” аталышында рейддик иш-чарасын өткөрүп, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 177 айдоочуну аныктап, жалпы 3 млн 540 миң сомго айып салышты.
Алардын ичинен:
-Бишкек шаарынан 98 айдоочу, Ош шаарынан 28 айдоочу, Ош облусунан 6 айдоочу, Чүй облусунан 6 айдоочу, Жалал-Абад облусунан 14 айдоочу, Баткен облусунан 6 айдоочу, Ысык-Көл облусунан 12 айдоочу, Нарын жана Талас облустарында 7 айдоочу.
Посмотреть эту публикацию в Instagram