7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекет бейтаптарга акысыз берген дарылар сатылып жатканы белгилүү болду

2094

Жалал-Абадда Тогуз-Торо районундагы ооруканада мамлекет бейтаптарга акысыз берген дарылар сатылып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында дары-дармектердин жана керектелүүчү материалдардын тизмесин текшергенде, так ушул мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бейтаптарды дарылоодо колдонулганы аныкталган. Бул боюнча актылар түзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөттүк», — деди Азарбеков.

Белгилей кетсек Азарбеков «Укук кербени» долбоорунун алкагында ооруканага мониторинг жүргүзгөн учурда аныкталганын билдирген.

Ошондой эле сатылган дары-дармектерден сырткары калкты дарылоодо мөөнөтү өтүп кеткен дарылар да колдонулган.

Эскерте кетсек, буга чейин Акыйкатчы институтунун аппараты Сузак райондук ооруканасына мониторинг жүргүзгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2095