7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик чек араны коргоп каза болгон Хуснидин Хожиев жерге берилди

1441
Бүгүн 10-июлда кыргыз-тажик чек арасында окко учкан сержант Хуснидин Хожиев акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Лейлектин Бешкент айылында жерге берилди. 
27 жаштагы Хуснидин Хожиев 2016-жылдан бери Кыргызстандын чек ара кызматында иштеп келген. Артында жубайы жана бир уулу калган. 
 
Коштошуу зыйнатына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да барышты.  
  
Кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу 8-июлда Лейлектин Гөш-Жайлоо участкасында болгон. Тажик тарап Хожиевди, дагы бир прапорщикти жана аскердик үч атты өз аймагына алып кирип кетишкен. Сержанттын сөөгүн 9-июлда түнкү 22.30да өткөрүп беришкен. Ушул эле күнү аттарды да өткөрүп беришкен. Ал эми прапорщиктин Кыргызстанга кайтарылганы тууралуу азырынча маалымат жок.
Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1442