Бүгүн 10-июлда кыргыз-тажик чек арасында окко учкан сержант Хуснидин Хожиев акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Лейлектин Бешкент айылында жерге берилди.
27 жаштагы Хуснидин Хожиев 2016-жылдан бери Кыргызстандын чек ара кызматында иштеп келген. Артында жубайы жана бир уулу калган.
Коштошуу зыйнатына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да барышты.
Кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу 8-июлда Лейлектин Гөш-Жайлоо участкасында болгон. Тажик тарап Хожиевди, дагы бир прапорщикти жана аскердик үч атты өз аймагына алып кирип кетишкен. Сержанттын сөөгүн 9-июлда түнкү 22.30да өткөрүп беришкен. Ушул эле күнү аттарды да өткөрүп беришкен. Ал эми прапорщиктин Кыргызстанга кайтарылганы тууралуу азырынча маалымат жок.
Булак: Азаттык